# 429-берене. Соттун өкүмүн, токтомун, аныктамасын аткарууга алуу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 49-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-429>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-429.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 429-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-429

---

1. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү, токтому, аныктамасы бардык мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар үчүн милдеттүү жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында кынтыксыз аткарылышы керек.

2. Өкүмдү, токтомду, аныктаманы аткарууга алуу кылмыш ишин биринчи инстанцияда караган сотко жүктөлөт. Өкүмдү аткаруу жөнүндө тескеме сот тарабынан өкүмдүн көчүрмөсү менен бирге кылмыш-жаза-аткаруу мыйзамдарына ылайык өкүмдү аткаруу милдети жүктөлгөн органга жөнөтүлөт. Мүлктү өндүрүп алуу бөлүгүндөгү өкүмдү аткаруу үчүн өкүмдүн көчүрмөсү менен бирге сот аткаруучусуна аткаруу баракчасы жөнөтүлөт.

3. Өкүмдү аткаруучу органдар, анын аткарылгандыгы жөнүндө өкүмдү чыгарган биринчи инстанциядагы сотко дароо маалымдайт. Өкүмдү аткаруучу мекеменин администрациясы соттолгондун жазасын өтөп жаткан жер жөнүндө өкүм чыгарган сотко маалымдоого тийиш.

---

Мурунку берене: [428-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-428)  
Кийинки берене: [430-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-430)
