# 424-берене. Апелляциялык инстанциядагы соттун өкүмүн жана аныктамасын аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-424>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-424.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 424-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-424

---

1. Апелляциялык өкүм, аныктама чыккан күндөн баштап 7 сутканын ичинде иш менен кошо аткаруу үчүн биринчи инстанциядагы сотко жөнөтүлөт.

2. Апелляциялык өкүмдүн, аныктаманын көчүрмөсү же аларга ылайык соттолгон камактан же жаза өтөөдөн бошотулууга тийиш болгон анын корутунду бөлүгүнүн көчүрмөсү өкүм, аныктама чыккан күнү тийиштүү түрдө камакта кармоочу жайдын администрациясына, жазаны өтөөчү жайдын администрациясына жөнөтүлөт. Эгерде соттолгон апелляциялык инстанциядагы соттук отурумга катышса, апелляциялык өкүмдүн же аныктаманын соттолгонду камактан же жазаны өтөөдөн бошотуу бөлүгү токтоосуз түрдө аткарылат.

---

Мурунку берене: [423-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-423)  
Кийинки берене: [425-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-425)
