# 422-берене. Өкүм боюнча дайындалган жазанын жасалган кылмыштын оордугуна ылайык келбеши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-422>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-422.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 422-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-422

---

1. Өкүм боюнча дайындалган жазанын жасалган кылмыштын оордугуна жана айыпталуучунун инсандыгына ылайык келбейт деп таануу менен апелляциялык инстанциядагы сот Кылмыш-жаза кодексинин беренелеринин санкцияларынын чектеринде жазаны жеңилдетүүгө укуктуу.

2. Апелляциялык инстанциядагы сот, эгерде ушул негиздер боюнча айыптоочу тарабынан сунуш берилсе же жабырлануучу, же алардын өкүлдөрү даттанса, айыпталуучуга катуураак жаза дайындоого укуктуу.

3. Айыпталуучунун абалын начарлатуучу чечим кабыл алууга айыптоочу тараптын даттанууларында же прокурордун сунушунда тиешелүү жүйөлөр болгондо жана алардын чектеринде гана жол берилет. Айыпталуучунун абалын начарлаткан чечим ага коюлган жана айыптоочу тараптын биринчи инстанциядагы сотто колдоого алынган айыптоонун чектеринен чыкпашы керек.

---

Мурунку берене: [421-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-421)  
Кийинки берене: [423-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-423)
