# 421-берене. Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамды олуттуу бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-421>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-421.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 421-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-421

---

1. Ишке катышкан адамдардын мыйзам тарабынан кепилденген укуктарынан ажыратуу же кысым көрсөтүү, сот өндүрүшүнүн жол-жобосун сактабоо аркылуу же башка жол менен иштин жагдайларын ар тараптуу жана объективдүү иликтөөгө тоскоол кылуу, мыйзамдуу жана негиздүү өкүмүн, токтомун чыгаруусуна, иштин туура чечилишине таасир тийгизген же таасир тийгизиши мүмкүн болгон бузуулар кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамды олуттуу бузуу деп табылат.

2. Соттук актыны жокко чыгаруунун негиздери төмөнкүлөр болуп эсептелет:

1) ушул Кодекстин 27-беренесинде каралган негиздер болгондо, сот тарабынан иштин кыскартылбаганы;

2) соттун мыйзамсыз курамы тарабынан өкүм чыгаруу же сот арачыларынын мыйзамсыз коллегиясынын курамы тарабынан вердикт чыгаруу;

3) ушул Кодекстин 296-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, айыпталуучу жокто ишти кароо;

4) ушул Кодекске ылайык милдеттүү түрдө катыша турган адвокаттын катышуусуз же айыпталуучунун адвокаттын жардамын пайдалануу укугун башкача бузуу менен ишти кароо;

5) айыпталуучунун өзү билген тилди жана котормочунун жардамын пайдалануу укугун бузуу;

6) тараптардын жарыш сөздөрүнө айыпталуучунун катышуу укугун бербөө;

7) айыпталуучуга акыркы сөз бербөө;

8) өкүмдү чыгарууда купуялуулукту бузуу;

9) сот тарабынан жол берилгис деп табылган далилдер менен өкүмдү негиздөө;

10) сот актысында судьянын кол тамгасынын жоктугу;

11) соттук отурумдун протоколунун жоктугу.

---

Мурунку берене: [420-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-420)  
Кийинки берене: [422-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-422)
