# 420-берене. Кылмыш-жаза кодексинин ченемдерин туура эмес колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-420>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-420.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 420-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-420

---

1. Колдонулууга тийиш болгон мыйзамдын сот тарабынан колдонулбашы; колдонулбай турган мыйзамдын колдонулушу; мыйзамды анын так маанисине карама-каршы келген түрдө туура эмес чечмелөө Кылмыш-жаза кодексинин ченемдерин туура эмес колдонуу деп табылат.

2. Жасалган ишке берилген юридикалык бааны туура эмес деп табуу менен апелляциялык инстанциядагы сот айыпталуучунун аракеттерин жумшартуу тарабына кайра квалификациялоого укуктуу.

3. Апелляциялык инстанциядагы сот, эгерде ушул негиздер боюнча айыптоочу тарабынан сунуш, жабырлануучу, жеке айыптоочу же алардын өкүлдөрү тарабынан – даттануу берилсе, бирок коюлган айыптын чектеринде берилген учурда гана айыпталуучунун аракеттерин оордотуу жагына кайра квалификациялоого же кыйла оор жазаны белгилөөгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [419-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-419)  
Кийинки берене: [421-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-421)
