# 42-берене. Жабырлануучунун өкүлү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 42-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-42

---

1. Мыйзам күчүнө ылайык кылмыш иши боюнча өндүрүштө жабырлануучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын жактоого ыйгарым укуктуу адвокаттар жана башка адамдар жабырлануучунун өкүлү боло алат.

Жабырлануучунун өкүлү катары жубайы, жабырлануучунун жакын туугандарынын бири же жабырлануучу уруксат берүү жөнүндө өтүнмө берген башка адам да болушу мүмкүн. Мындай адамдардын ыйгарым укуктары талаптагыдай жол-жоболоштурулган ишеним кат менен ырасталат.

2. Баланын же өзүнүн дене боюнун же психикасынын абалы боюнча өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын өз алдынча коргоо мүмкүнчүлүгүнөн айрылган жабырлануучунун укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн милдеттүү түрдө ишке катышууга алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тартылат.

3. Жабырлануучунун өкүлү жабырлануучу сыяктуу эле процессуалдык укуктарга жана милдеттерге ээ болот.

4. Жабырлануучунун ишке жеке өзүнүн катышуусу, аны бул иш боюнча өз өкүлүнө ээ болуу укугунан ажыратпайт.

5. Жабырлануучу болуп саналган юридикалык жактын өкүлү анын жетекчиси, мыйзам же уставдык документтер менен ыйгарым укук берилген адам же ишеним каттын негизинде аракеттенүүчү адам боло алат.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-43)
