# 419-берене. Өкүмдө баяндалган сот тыянагынын иштин чыныгы жагдайына дал келбөөсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-419>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-419.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 419-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-419

---

1. Биринчи инстанциядагы сот тарабынан аныкталган өкүм кылмыш ишинин чыныгы жагдайларына дал келбейт деп таанылат, эгерде:

1) соттун тыянактары соттук отурумда иликтенген далилдер менен ырасталбаса;

2) соттун тыянагына олуттуу таасир эте турган жагдайларды сот эске албаса;

3) соттун тыянагы үчүн олуттуу мааниге ээ болгон карама-каршы далилдер болсо, ушул далилдердин бирин сот кандай негизде кабыл алгандыгы же башкаларын четке каккандыгы өкүмдө көрсөтүлбөсө;

4) өкүмдө жазылган соттун тыянактары олуттуу карама-каршылыктарды камтыса, алар ишти чечүүгө, анын ичинде айыпталуучунун же акталуучунун күнөөлүү же күнөөлүү эместиги жөнүндөгү маселелерди сот тарабынан чечүүгө, Кылмыш-жаза кодексинин ченемдери же жазалоонун белгилүү чаралары туура колдонулгандыгы таасирин тийгизген же тийгизилиши мүмкүн болсо.

2. Биринчи инстанциядагы соттун өкүмүндө баяндалган кылмыш ишинин иш жүзүндөгү жагдайлары жөнүндө тыянактар иликтенген далилдерге ылайык келбей тургандыгын белгилөө менен апелляциялык инстанциядагы сот өкүмдү өткөрүлгөн териштирүүнүн натыйжаларына ылайык толугу менен же анын бир бөлүгүн жокко чыгарат жана жаңы өкүм чыгарат.

3. Апелляциялык инстанциядагы сот өзү иликтеген далилдерге баа берүү менен биринчи инстанциядагы соттун өкүмү боюнча тастыкталбаган же сот тарабынан эске алынбаган фактыларды далилденди деп табууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [418-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-418)  
Кийинки берене: [420-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-420)
