# 417-берене. Апелляциялык инстанциядагы сот тарабынан кабыл алынуучу чечимдердин түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-417>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-417.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 417-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-417

---

1. Апелляциялык инстанциядагы сот кылмыш ишин кароонун жыйынтыгы боюнча төмөндөгү чечимдердин бирин токтом кылат:

1) биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн өзгөртүүсүз, ал эми апелляциялык даттанууну же сунушту канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө өкүм;

2) биринчи инстанциядагы соттун айыптоо өкүмүн жокко чыгаруу жана актоо өкүмүн чыгаруу жөнүндө аныктама же ишти кыскартуу жөнүндө аныктама;

3) биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн өзгөртүү жөнүндө өкүм;

4) биринчи инстанциядагы соттун актоо өкүмүн жокко чыгаруу жана айыптоо өкүмүн чыгаруу жөнүндө аныктама;

5) ишти кыскартуу жөнүндө токтомду жокко чыгаруу жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамды олуттуу түрдө бузган учурларда ишти жаңы кароо үчүн биринчи инстанциядагы сотко жиберүү жөнүндө аныктама;

6) биринчи инстанциядагы соттун токтомун же тергөө судьясынын токтомун өзгөртүүсүз калтырып, ал эми апелляциялык даттанууларды же сунуштарды канааттандыруусуз калтыруу жөнүндө аныктама;

7) биринчи инстанциядагы соттун токтомун жана тергөө судьясынын токтомун өзгөртүү жөнүндө аныктама;

8) биринчи инстанциядагы соттун токтомун же тергөө судьясынын токтомун жокко чыгаруу жөнүндө аныктама жана жаңы аныктаманы чыгаруу;

9) айыптоо өкүмдү жокко чыгаруу жана ишти жаңы кароо үчүн биринчи инстанциядагы сотко жөнөтүү жөнүндө аныктама;

10) апелляциялык өндүрүштү кыскартуу жөнүндө аныктама.

---

Мурунку берене: [416-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-416)  
Кийинки берене: [418-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-418)
