# 415-берене. Апелляциялык инстанциянын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-415>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-415.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 415-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-415

---

1. Апелляциялык даттануу же сунуш менен келип түшкөн кылмыш ишин кароодо өкүмдүн же башка соттук чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүү максатында сот тараптардын өтүнүчү же өзүнүн демилгеси боюнча төмөнкүлөргө укуктуу:

1) айыпталуучунун, жабырлануучунун жана ишке катышкан башка адамдардын ден соолугунун абалына, үй-бүлөлүк абалына байланышкан документтерди, тараптардын өтүнүчү боюнча башка документтерди да суратып алууга;

2) экспертизаны дайындоого;

3) кошумча күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди соттук отурумуна чакырууга жана суракка алууга, тараптар берген же алардын суранычы боюнча сот тарабынан суратып алынган жазуу жүзүндөгү, буюм түрүндөгү жана башка далилдерди иликтөөгө;

4) биринчи инстанциядагы сот тарабынан иликтенген материалдарды жол бергис далилдер деп таанууга жана аларды далилдердин арасынан алып салууга;

5) биринчи инстанциядагы сот тарабынан далилдердин ичинен алынып салынган материалдарды таанууга жана аларды иликтөөгө;

6) материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууга тийиштүү жагдайларды иликтөөгө;

7) иш боюнча зарыл болгон башка аракеттерди аткарууга.

2. Процессуалдык макулдашууну түзгөн учурда апелляциялык инстанциядагы сот анын түзүүнүн жагдайларын текшерет.

---

Мурунку берене: [414-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-414)  
Кийинки берене: [416-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-416)
