# 414-берене. Тараптардын жарыш сөзү. Айыпталуучунун акыркы сөзү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-414>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-414.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 414-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-414

---

1. Далилдерди иликтөө аяктагандан кийин төрагалык кылуучу тараптардан соттук териштирүүнү толуктоо үчүн аларда болгон өтүнүчтөрдү сурайт. Сот бул өтүнүчтөрдү чечет, андан сон тараптардын жарыш сөзүнө өтөт.

2. Тараптардын жарыш сөзү ушул Кодекстин 340-беренесинин эрежелери боюнча жүргүзүлөт, мында даттануу же сунуш берген адам биринчи болуп сүйлөйт.

3. Тараптардын жарыш сөзү аяктагандан кийин төрагалык кылуучу айыпталуучуга акыркы сөз берет, андан соң сот чечим кабыл алуу үчүн өзүнчө бөлмөгө кетет.

4. Эгерде кеңешме учурунда сот кылмыш иши үчүн мааниси бар жаңы жагдайларды аныктоону, же колдо болгон же жаңы далилдерди кошумча текшерүүнү зарыл деп тапса, ал ишти маңызы боюнча кароону кайра жаңыртат, бул жөнүндө жүйөлүү аныктама чыгарат, ал соттук отурумдун протоколуна киргизилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [413-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-413)  
Кийинки берене: [415-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-415)
