# 412-берене. Апелляциялык инстанциядагы өндүрүштүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-412>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-412.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 412-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-412

---

1. Ушул главада каралган жоболорду кошпогондо, апелляциялык инстанциядагы соттогу иш боюнча өндүрүш биринчи инстанциядагы сотто өндүрүш эрежелери боюнча жүргүзүлөт.

2. Соттук отурумда төмөнкүлөрдүн катышуусу милдеттүү:

1) прокурордун;

2) акталгандын, айыпталуучунун же ага карата кылмыш иши кыскартылган адамдын;

3) адвокаттын - ушул Кодекстин 51-беренесинде көрсөтүлгөн учурда;

3. Ишти апелляциялык тартипте айыпталуучу жок кароого ушул Кодекстин 296-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларда жол берилет.

4. Соттук отурумга милдеттүү түрдө катышуучу адамдарды кошпогондо, апелляциялык инстанциядагы соттук отурумдун орду, датасы жана убактысы жөнүндө өз убагында кабар алган адамдын келбей калуусу ишти кароого тоскоолдук жаратпайт.

5. Жеке айыптоочу, анын мыйзамдуу өкүлү же апелляциялык даттануу берген өкүлү жүйөлүү себепсиз сотко келбей койгон учурда апелляциялык инстанциядагы сот алардын даттануусу боюнча апелляциялык өндүрүштү кыскартат.

---

Мурунку берене: [411-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-411)  
Кийинки берене: [413-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-413)
