# 410-берене. Апелляциялык даттануулар жана сунуштар боюнча соттун курамы жана иштерди кароонун мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-410>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-410.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 410-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-410

---

1. Даттануулар жана сунуштар боюнча иштер 3 судьянын соттук курамы тарабынан каралат. Соттун курамын жана иш боюнча төрагалык кылуучуну соттун төрагасы же анын орун басары аныктайт.

2. Апелляциялык инстанциядагы сот даттануу же сунуш боюнча ишти ал келип түшкөн күндөн баштап 2 айдан кеч эмес, ал эми тергөө судьясынын токтомун - 10 суткадан кеч эмес мөөнөттө кароого тийиш.

3. Эгерде сот жаңы материалдарды жана далилдерди иликтөө жана жаңы өкүмдү чыгаруу зарылчылыгынын негиздерин караса, иш апелляциялык тартипте, ал келип түшкөн күндөн тартып 3 айдан кечиктирилбестен каралууга тийиш.

4. Аталган мөөнөттөр жүйөлүү себептер болгон учурда иш өзүнүнүн өндүрүшүндө турган апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы боюнча бир айга узартылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [409-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-409)  
Кийинки берене: [411-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-411)
