# 409-берене. Апелляциялык инстанцияда ишти кароонун чектери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-409>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-409.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 409-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-409

---

1. Апелляциялык тартипте ишти караган сот өкүмдүн мыйзамдуулугун, негиздүүлүгүн жана адилеттүүлүгүн даттанылган бөлүгүн жана даттануу же сунуш тийиштүү болгон айыпталуучуга карата гана карайт.

2. Эгерде ишти кароодо башка айыпталуучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуулар аныкталып, алар мыйзамсыз өкүмдү чыгарууга алып келсе, сот өкүмдүн даттанылбаган бөлүгүн жана даттануу, сунуш берилбеген адамга карата да жокко чыгарууга же өзгөртүүгө укуктуу. Бул учурда алардын абалын начарлатууга жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [408-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-408)  
Кийинки берене: [410-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-410)
