# 406-берене. Өкүмгө, токтомго апелляциялык даттануу жана сунуш

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-406>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-406.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 406-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-406

---

1. Апелляциялык даттануулар же сунуштар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) даттануу же сунуш даректелген апелляциялык инстанциядагы соттун аталышын;

2) даттануу же сунуш берген адам жөнүндө анын процессуалдык абалы, жашаган жери же турган жери көрсөтүлгөн маалыматтарды;

3) өкүмгө же башка сот чечимине көрсөтмөнү жана аны токтом кылган же чыгарган соттун аталышын;

4) даттанууну же сунушту берген адамдын жүйөлөрү жана анын талаптарын негиздөөчү далилдер ушул Кодекстин 414-беренесиндеги негиздерди көрсөтүү менен;

5) эгерде даттанууга же сунушка тиркелген материалдар бар болсо, алардын тизмесин;

6) даттанууну же сунушту берген адамдын кол тамгасын.

2. Эгерде берилген даттануу, сунуш ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган талаптарга туура келбесе, даттануу же сунуш кайрадан түзүү үчүн даттануу убактысынан ашпаган мөөнөтүн белгилеп судья тарабынан кайтарылат. Эгерде белгиленген мөөнөттүн ичинде апелляциялык даттануу, сунуш сотко берилбесе, алар берилген эмес деп эсептелет. Бул учурда иш боюнча апелляциялык өндүрүш кыскартылат. Өкүм ушул Кодекстин 426-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык мыйзамдуу күчүнө кирди деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [405-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-405)  
Кийинки берене: [407-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-407)
