# 405-берене. Даттануу же сунуш берүүнүн кесепеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-405>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-405.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 405-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-405

---

1. Даттануу же сунуш берүү өкүмдүн күчүнө киришин жана аткарылышын токтотуп турат.

2. Өкүмдү же башка даттаныла турган чечимди чыгарган сот даттануу мөөнөтү өткөндөн кийин ишти келип түшкөн даттануулар, сунуштар менен апелляциялык инстанциядагы сотко жөнөтөт, бул тууралуу тараптарга маалымдалат.

3. Даттанууну же сунушту берген адам апелляциялык инстанциянын сотунун соттук отуруму башталганга чейин аларды кайра чакыртып алууга укуктуу. Бул учурда даттануу же сунуш боюнча апелляциялык өндүрүш кыскартылат.

4. Прокурордун сунушу жогору турган прокурор тарабынан чакыртып алынышы мүмкүн. Адвокат даттанууну айыпталуучунун макулдугу менен, тергөө судьясынын токтомуна даттанууга айыпталуучунун макулдугу менен чакыртып алууга укуктуу. Айыпталуучу өзүнүн адвокаты, мыйзамдуу өкүлү тарабынан берилген даттанууну чакыртып алууга укуктуу.

5. Өкүмгө даттанган адам өзүнүн даттануусун же сунушун өзгөртүүгө же жаңы жүйөлөр менен толуктоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [404-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-404)  
Кийинки берене: [406-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-406)
