# 404-берене. Берилген даттануулар жана сунуштар жөнүндө кабарлоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=56829..59873>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-404>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-404.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 404-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-404

---

1. Өкүм чыгарган же башка даттаныла турган чечим чыгарган сот берилген даттануулар же сунуштар жөнүндө кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлайт жана алардын көчүрмөлөрүн айыпталуучуга же акталган адамга, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонулуу жөнүндө өндүрүш жүргүзүлгөн же жүргүзүлүп жаткан адамга, адвокатка, айыптоочуга, жабырлануучуга жана (же) анын өкүлүнө жиберет.

Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлоо тиешелүү билдирүү жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт.

2. Тергөө судьясы берилген даттануулар же сунуштар жөнүндө кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлайт жана алардын көчүрмөлөрүн шектүүгө, айыпталуучуга, адвокатка, жабырлануучуга, анын өкүлүнө жана прокурорго жөнөтөт.

Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлоо тиешелүү кабарлоо жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушул сыяктуу формалары аркылуу жөнөтүлөт.

3. Тараптар даттануунун же сунуштун негиздемелерин же башка тараптын даттануусуна же сунушуна каршы пикирлерин ырастап, апелляциялык инстанциядагы сотко жаңы материалдарды берүүгө же аларды суратуу жана изилдөө жөнүндө өтүнүч менен кайрылууга, ошондой эле алар көрсөткөн жабырлануучуларды, күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди сотко чакыруу жана суракка алуу жөнүндө өтүнүч билдирүүгө укуктуу.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [403-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-403)  
Кийинки берене: [405-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-405)
