# 403-берене. Даттануу же сунуш берүүнүн мөөнөтүн калыбына келтирүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2024 года № 75 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004208)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=5972..8273>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-403>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-403.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 403-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-403

---

1. Даттануу же сунуш берүүнүн мөөнөтү жүйөлүү себептен улам өткөрүлүп жиберилген учурда даттануу же сунуш берүүгө укуктуу адамдар өкүм, ошондой эле башка сот чечимин, тергөө судьясынын токтомун чыгарган сотко өткөрүлүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч билдире алышат. Мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч соттук отурумда өкүмдү, башка соттук чечимди чыгарган судья, токтомду чыгарган тергөө судьясы тарабынан каралат, ал түшүндүрмөлөрдү берүү үчүн өтүнүч менен кайрылган адамды чакырууга укуктуу.

2. Өкүмгө апелляциялык даттануу же сунуш берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч сот тарабынан чечим чыгарылган күндөн тартып 3 айдан кеч эмес мөөнөттө берилиши керек, башка соттук чечимдерге, тергөө судьясынын токтомуна чечим чыгарылган күндөн баштап 1 айдан кеч эмес мөөнөттө берилиши керек.

3. Сот төмөндөгүдөй шарттарда апелляциялык даттанууларды берүүнүн өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирет:

1) соттук отурумдун протоколу өз учурунда даярдалбаганда;

2) соттук актынын көчүрмөсүн сот өндүрүшүнүн тилин билбеген иштин катышуучусуна котормосуз тапшырганда;

3) соттук актынын корутунду бөлүгүндө даттануунун мөөнөтү так эмес көрсөтүлгөндө.

4. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү арызын канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө судьянын, соттун токтому апелляциялык инстанциядагы сотко даттанылышы мүмкүн, ал токтомду жокко чыгарууга жана берилген даттанууну жана сунушту маани-маңызы боюнча кароого же ушул Кодекстин 406-беренесинде каралган талаптарды аткаруу үчүн даттанылган соттук актыны чыгарган сотко кайтарууга укуктуу.

5. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүүнү канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы ал чыгарылган күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [402-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-402)  
Кийинки берене: [404-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-404)
