# 4-берене. Ушул Кодекстин чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга карата колдонулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 4-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-4

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга карата кылмыш-жаза сот өндүрүшү, эгерде Кыргыз Республикасынын өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдеринде башкача каралбаса, ушул Кодекстин ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.

2. Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине жана Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык иммунитетке ээ болгон адамдарга карата, ушул Кодексте каралган процессуалдык аракеттер иммунитет укугуна ээ болгон адам кызмат кылган же кызматта турган чет мамлекеттин, же ал персоналынын мүчөсү болгон же болуп турган эл аралык уюмдун макулдугу менен жүргүзүлөт. Тиешелүү адамдын иммунитетти колдонору же колдонбостугу жана мындай иммунитеттин көлөмү канчалык экени жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-5)
