# 397-берене. Апелляциялык даттануу укугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 46-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 12 июня 2023 года № 118 "О внесении изменения в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112601)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=1283045..1283046>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-397>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-397.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 397-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-397

---

1. Ушул главанын талаптарына ылайык соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек өкүмдөрү, ошондой эле биринчи инстанциядагы башка соттук актылар тараптар тарабынан апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.

2. Сот чечимине даттануу укугу айыпталуучуга, акталганга, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө өндүрүш жүргүзүлгөн же жүргүзүлүп жаткан адамга, алардын адвокаттарына жана мыйзамдуу өкүлдөрүнө, мамлекеттик айыптоочуга же жогору турган прокурорго, жабырлануучуга жана анын өкүлүнө, ошондой эле мүлкү камакка алынган адамдарга, даттанылып жаткан соттун чечиминин алардын мүлктүк укуктарына тиешелүү болгон бөлүгүндө башка адамдарга таандык.

Материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтурууга жооптуу адам соттун чечиминин материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу бөлүгүн даттанууга укуктуу.

3. Биринчи инстанциядагы сотто айыптоону колдогон прокурор ар бир мыйзамсыз жана негизсиз соттук актыга сунуш киргизет.

4. Тергөө судьясынын токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Тергөө судьясынын токтомуна даттануу укугу шектүүгө, айыпталуучуга, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө, адвокаттарга, прокурорго, жабырлануучуга, анын мыйзамдуу өкүлүнө, өкүлүнө жана адвокатына, ошондой эле мүлкүнө камак салынган жактарга таандык.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 12-июнундагы № 118, 2026-жылдын 24-июлундагы № 125 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [396-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-396)  
Кийинки берене: [398-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-398)
