# 396-берене. Сот арачыларынын коллегиясынын вердиктине негизделген соттун өкүмүн жокко чыгарууга же өзгөртүүгө негиздер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-396>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-396.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 396-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-396

---

1. Ушул Кодекстин 421-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган ченемдерди одоно бузуулар сот арачыларынын коллегиясынын вердиктине негизделген актоочу өкүмдү жокко чыгаруу же өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелет.

2. Айыптоочу өкүм ушул Кодекстин X бөлүмүндө белгиленген негиздер боюнча жана тартипте жокко чыгарылышы жана өзгөртүлүшү мүмкүн.

3. Сот арачыларынын коллегиясынын вердиктинин негизинде чыгарылган жана ага карама-каршы келген соттун өкүмү кылмыш ишин ошол эле сотко жаңыдан карап чыгууга өткөрүп берүү менен жокко чыгарылууга тийиш. Бул учурда кылмыш ишин жаңы кароо сот арачылары кийинки вердикти кабыл алган учурдан тартып башталат.

4. Сот арачыларынын коллегиясынын вердиктинин негизинде чыгарылган өкүм, эгер алар жокко чыгарууга каршы турса, соттолгондун же акталгандын укуктары олуттуу бузулган жүйө боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн эмес.

Х БӨЛҮМ АПЕЛЛЯЦИЯЛЫК ИНСТАНЦИЯДАГЫ СОТТОГУ ИШ ӨНДҮРҮШҮ

---

Мурунку берене: [395-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-395)  
Кийинки берене: [397-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-397)
