# 395-берене. Соттук отурумдун протоколун жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-395>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-395.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 395-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-395

---

1. Соттук отурумдун протоколу ушул Кодекстин 308-беренесинин талаптарына ылайык, ушул беренеде каралган өзгөчөлүктөр менен жүргүзүлөт.

2. Протоколдо соттук отурумга чакырылган сот арачылыгына талапкерлердин курамы жана сот арачыларынын коллегиясын түзүүнүн жүрүшү милдеттүү түрдө көрсөтүлөт.

3. Төрагалык кылуучунун багыттоочу сөзү соттук отурумдун протоколунда жазылат же анын тексти кылмыш ишинин материалдарына тиркелет, бул тууралуу протоколдо көрсөтүлөт.

4. Соттук отурумдун протоколу сот процессинин жүрүшүнүн баарын анын жүргүзүлүшүнүн тууралыгына ынангандай жазылышы керек.

Сот арачыларынын катышуусу менен соттук териштирүүнүн жүрүшүндө процесстин катышуучуларына жана башка адамдарга соттук отурумдун залында видеого жана сүрөткө тартууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [394-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-394)  
Кийинки берене: [396-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-396)
