# 394-берене. Айыпталуучунун акыл-эсинин жайында эместигин аныктоого байланыштуу кылмыш ишин кароону кыскартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-394>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-394.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 394-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-394

---

1. Эгерде сот арачыларынын катышуусу менен сот кылмыш ишин териштирүү процессинде айыпталуучу өзүнүн психикалык абалына байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес же соттук-психиатриялык экспертизанын тийиштүү корутундусу менен ырасталгандыктан, жазаны дайындоо же аткаруу мүмкүнчүлүгүн бербеген жин оорусу менен ооруп калган деп эсептөөгө негиз берген жагдайлар болсо, судья кылмыш ишин сот арачыларынын катышуусу менен кароону кыскартуу жөнүндө токтом чыгарат жана ушул Кодекстин 55-главасында каралган тартипте чечим кабыл алат.

2. Төрагалык кылуучунун ишти сот арачыларынын катышуусу менен кароону кыскартуу жөнүндө токтому акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [393-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-393)  
Кийинки берене: [395-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-395)
