# 393-берене. Өкүм чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-393>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-393.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 393-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-393

---

Өкүм ушул Кодекстин 351–358-беренелеринин талаптарына ылайык төмөнкүдөй өзгөчөлүктөр менен чыгарылат:

1) өкүмдүн кириш бөлүгүндө сот арачыларынын фамилиялары, аттары жана аталарынын аттары көрсөтүлбөйт;

2) актоочу өкүмдүн баяндоочу-жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө айыптоонун маңызы жана ал боюнча кабыл алынган актоочу вердиктке же эгерде баш тартуу болсо, мамлекеттик айыптоочунун айыптоодон баш тартуусуна шилтеме берилет. Далилдерди келтирүү сот арачыларынын коллегиясы кабыл алган вердикттен келип чыкпаган бөлүгүндө гана талап кылынат;

3) айыптоочу өкүмдүн баяндоочу-жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө сот арачыларынын коллегиясынын катышуусу менен сот тааныган кылмыштуу аракетти (аракетсиздикти) баяндоо, жасалган аракеттин (аракетсиздиктин) квалификациясы, белгиленген жазанын жүйөлөрү жана соттун кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын жана моралдык залалдын ордун толтуруу жөнүндө чечиминин негиздемеси болушу керек;

4) өкүмдүн корутунду бөлүгүндө ушул Кодексте белгиленген тартипте кассациялык инстанцияда өкүмдү даттануунун тартиби жана мөөнөттөрү жөнүндө түшүндүрмө болушу керек.

---

Мурунку берене: [392-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-392)  
Кийинки берене: [394-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-394)
