# 392-берене. Төрагалык кылуучу кабыл алуучу чечимдердин түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-392>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-392.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 392-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-392

---

Сотто сот арачыларынын катышуусу менен кылмыш ишин териштирүү төрагалык кылуучу тарабынан төмөнкүдөй чечимдердин бирнн кабыл алуу менен аяктайт:

1) кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө токтом – ушул Кодекстин 302-беренесинде каралган учурларда;

2) актоочу өкүм – ушул Кодекстин 350-беренесине ылайык, сот арачылары ушул Кодекстин 382-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн үч негизги суроонун жок дегенде бирөөнө терс жооп берген учурларда;

3) айыптоочу өкүм – ушул Кодекстин 349-беренесинде каралган учурларда.

---

Мурунку берене: [391-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-391)  
Кийинки берене: [393-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-393)
