# 391-берене. Вердикттин милдеттүүлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-391>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-391.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 391-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-391

---

1. Сот арачыларынын коллегиясынын вердикти төрагалык кылуучу үчүн милдеттүү жана ал актоочу же айыптоочу өкүмдүн токтомунун чыгарылышына алып келет.

2. Сот арачылары айыптоочу вердикт кабыл алган учурда төрагалык кылуучу айыпталуучунун аракетинин (аракетсиздик) ушул вердиктке, ошондой эле вердиктти кабыл алууда сот арачылары тарабынан каралууга тийиш болбогон жана юридикалык баа берүүнү талап кылуучу соттук тергөөнүн жүрүшүндө белгиленген жагдайларга ылайык квалификациялайт.

3. Эгерде сот арачыларынын коллегиясы айыпталуучу жазасын жеңилдетүүгө татыктуу деп тапса, анда төрагалык кылуучунун Кылмыш-жаза кодексинин тийиштүү беренеси менен белгиленген жазанын жогорку чектеги өлчөмүнүн үчтөн экисинен жогору жаза дайындоого укугу жок.

4. Эгерде төрагалык кылуучу күнөөсүзгө карата айыптоочу вердикт чыгарылганын жана айыпталуучу вердикт менен күнөөлүү деп табылган аракетте (аракетсиздикте) кылмыштын курамы жоктугун жана актоочу өкүм чыгарууга жетиштүү негиздер бар экенин тааныса, анда ал сот арачыларынын коллегиясын таркатуу жана алдын ала угуу стадиясынан тартып кылмыш ишин соттун башка курамы тарабынан жаңы кароого жөнөтүү жөнүндө токтом чыгарат. Бул токтом даттанууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [390-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-390)  
Кийинки берене: [392-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-392)
