# 39-берене. Алгачкы текшерүү органы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049032)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2026 [Закон КР от 28 июля 2026 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере охраны государственной границы и государственной охраны"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049032); 09.08.2025 [Закон КР от 9 августа 2025 года № 193 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030394); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 19.11.2024 [Закон КР от 19 ноября 2024 года № 183 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230017803); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=56785..56829>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 39-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-39

---

1. Алгачкы текшерүү органына төмөнкүлөр кирет:

1) ички иштер органдары;

2) жаза-аткаруу тутумунун органдары жана мекемелери;

3) аскер бөлүктөрүнүн, бирикмелеринин командирлери жана аскердик мекемелердин начальниктери;

4) чек ара органдары;

5) аба кемелеринин командирлери;

6) улуттук коопсуздук органдары;

7) бажы органдары;

8) өзгөчө кырдаалдар кызматынын органдары;

9) алыскы жерлердеги геологиялык чалгындоо партияларынын, экспедициялардын жетекчилери;

10) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин башчылары;

11) салык кызматынын сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдары;

12) мамлекеттик күзөт органдары.

2. Алгачкы текшерүү органы өз компетенциясынын чектеринде:

1) жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арыздарды, билдирүүлөрдү Кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттоону камсыз кылат;

2) окуянын издерин сактоо чараларын көрөт;

21) ушул Кодекстин 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган тартипте сурак жүргүзөт;

3) кылмыштарды алдын алуу, бөгөт коюу, кылмыш жасаган адамдарды табуу жана издөө үчүн жарандардын конституциялык укуктарын чектебеген ыкчам-издөө иш-чараларын, ошондой эле тергөөчүнүн тапшырмасы боюнча кылмышты ачуу жана далилдерди чогултуу үчүн атайын тергөө аракеттери боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүзөгө ашырат;

3-1) ушул Кодекстин 219-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган негиздер жана шарттар боюнча атайын тергөө аракеттерин жүзөгө ашырат;

4) өз компетенцияларынын чегинде аракеттенишкен прокурорго жана тергөөчүгө алар талап кылган маалыматтарды жана материалдарды берет;

5) прокурордун жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн жана тапшырмаларын, тергөөчүнүн тапшырмаларын, анын ичинде жабырлануучуларды, күбөлөрдү, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу башка адамдарды коргоо чараларын колдонуу жөнүндө тапшырмаларды аткарат;

51) тергөө судьясынын токтомунун негизинде алып коюуну жүргүзүү жөнүндө тергөөчүнүн жазуу жүзүндө тапшырмасын аткарат;

6) айдап келүүнү жүзөгө ашырат;

7) ушул Кодекске ылайык, соттун жазуу жүзүндөгү тапшырмаларын жана тескемелерин аткарат;

8) бөгөт коюу чарасынын шарттарынын жана тартиптеринин сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3–5, 7–10 жана 12-пункттарында көрсөтүлгөн алгачкы текшерүү органдары жыйналган материалдарды ушул Кодексте аныкталган тергөө караштуулугу боюнча тергөөчүгө же прокурорго өткөрүп берүү менен, окуянын изин сактоо боюнча гана кечиктирилгис чараларды көрөт.

(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 183, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 9-августундагы № 193, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-40)
