# 389-берене. Төрагалык кылуучунун вердикт жарыя кылынгандан кийинки иш-аракеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-389>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-389.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 389-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-389

---

1. Сот арачыларынын коллегиясы айыпталуучунун күнөөсү жок экендиги жөнүндө вердикт кабыл алганда, төрагалык кылуучу аны акталды деп жарыялайт. Мында кайтарууга алынган айыпталуучу соттук отурумдун залынан токтоосуз бошотулат.

2. Вердикт жарыялангандан кийин төрагалык кылуучу сот арачыларына ыраазычылык билдирет жана алардын соттук териштирүүгө катышуусу аяктагандыгын жарыялайт.

3. Вердикттин натыйжалары сот арачыларынын катышуусуз талкууланат. Сот арачылары кылмыш ишин кароо аяктаганга чейин соттук отурумдун залындагы көпчүлүк эл үчүн бөлүнүп коюлган орундарда калууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [388-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-388)  
Кийинки берене: [390-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-390)
