# 388-берене. Вердиктти жарыялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-388>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-388.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 388-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-388

---

1. Коюлган суроолорго жооптор киргизилген суроо баракчасына улук тарабынан кол коюлгандан кийин сот арачылары соттук отурумдун залына кайтып келишет.

2. Сот арачыларынын улугу төрагалык кылуучуга жооптор киргизилген суроо баракчасын берет. Сын-пикирлер болбосо, төрагалык кылуучу жарыялоо үчүн суроо баракчасын сот арачыларынын улугуна кайтарып берет.

3. Төрагалык кылуучу вердиктти түшүнүксүз же карама-каршылыктуулугун деп тапса, сот арачыларынын коллегиясына анын түшүнүксүздүгүн же карама-каршылыктарын көрсөтөт жана аларга суроо баракчасына тактоолорду киргизүү же карама-каршылыктарды жоюу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кайтып барууну сунуш кылат.

4. Төрагалык кылуучунун суроо баракчасына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы боюнча кыскача багыттоочу сөзүн угуп, сот арачыларынын коллегиясы биринчи кабыл алынган вердиктти кайра кароо же күчүндө калтыруу зарылдыгы жөнүндө көпчүлүктүн добушу менен чечим кабыл алуу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кайтып келет.

5. Сот арачыларынын улугу суроо баракчасы боюнча коюлган суроолорду жана аларга сот арачыларынын жоопторун окуу менен вердиктти жарыя кылат.

6. Вердиктти сот залындагылардын бардыгы орундарынан туруп угушат.

7. Жарыяланган вердикт кылмыш ишинин материалдарына тиркөө үчүн төрагалык кылуучуга берилет.

---

Мурунку берене: [387-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-387)  
Кийинки берене: [389-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-389)
