# 387-берене. Соттук териштирүүнү кайра баштоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-387>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-387.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 387-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-387

---

1. Төрагалык кылуучу сот арачыларынын коллегиясынын улук аркылуу берилген өтүнүчү боюнча тараптардын ой-пикирин угуп, төмөнкүдөй учурларда соттук териштирүүнү кайра баштоо жөнүндө маселени чечет:

1) эгерде кеңешүүчү бөлмөдө сот арачылары суроо баракчасында коюлган суроолор боюнча кошумча түшүндүрмөлөрдү алуу зарылдыгы жөнүндө тыянакка келишсе;

2) эгерде кеңешүү учурунда сот арачыларында кылмыш ишинин кандайдыр бир иш жүзүндөгү жагдайлары боюнча коюлган суроолорго жооптор үчүн олуттуу мааниге ээ жана кошумча иликтөөнү талап кылган күмөндүүлүк пайда болсо.

2. Төрагалык кылуучу соттук териштирүү кайра башталгандан кийин тараптардын катышуусунда коюлган суроолор боюнча түшүндүрмөлөрдү берет, ал эми зарыл болгон учурларда жагдайларга кошумча изилдөө жүргүзүлөт.

3. Кайра башталган соттук териштирүү бүткөндөн кийин төрагалык кылуучу тарабынан суроо баракчасына сот арачыларынын алдына коюлган суроолорго тактоолор киргизилиши мүмкүн. Тараптар суроо баракчасына кошумча суроолорду киргизүү же мурда коюлган суроолорду тактоо жөнүндө өтүнүч жасоого укуктуу.

4. Кошумча түшүндүрмөлөр жана (же) жаңыдан изилденген жагдайлар боюнча тараптардын сөздөрүн жана репликаларын, айыпталуучунун акыркы сөзүн жана төрагалык кылуучунун кыскача багыттоочу сөзүн угуп, сот арачылары вердикт кабыл алуу үчүн кеңешүүчү бөлмөгө кайрадан кайтып келишет.

---

Мурунку берене: [386-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-386)  
Кийинки берене: [388-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-388)
