# 382-берене. Сот арачылары чечүүгө тийиш болгон суроолордун мазмуну

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-382>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-382.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 382-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-382

---

1. Айыпталуучу жасады деп айыпталып жаткан ар бир аракет (аракетсиздик) боюнча үч негизги суроо берилет:

1) аракеттин (аракетсиздиктин) жасалгандыгы далилдендиби;

2) ошол аракетти (аракетсиздикти) айыпталуучу жасагандыгы далилдендиби;

3) ошол аракетти (аракетсиздикти) жасоого айыпталуучу күнөөлүүбү.

2. Суроо баракчасында ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негизги 3 суроо бир суроого бириктирилиши мүмкүн.

3. Суроо баракчасында эгер муну менен айыпталуучунун абалы начарлабаса жана анын коргонуу укугу бузулбаса, сот арачыларынын айыпталуучунун анча оор эмес кылмыш жасоодогу күнөөсүн таануусуна багытталган жеке суроолорго да жол берилет. Айыптоо кызыкчылыгындагы жеке суроолорго да жол берилет.

4. Айыпталуучунун кылмыш жасагандагы күнөөсү таанылган учурда сот арачыларынын алдына ал жазасын жеңилдетүүгө арзыйбы деген суроо коюлат.

5. Суроолордун түзүлүшү мамлекеттик айыптоочу ага айып койбогон же суроо берилген учурга карата жабырлануучунун макулдугу боюнча айыптоону колдобогон аракетти (аракетсиздикти) жасагандыгы боюнча айыпталуучуну күнөөлүү деп таанууга кандайдыр бир жоопто жол берүүгө тийиш эмес.

6. Бир нече айыпталуучулар айыпталып жаткан кылмыш иштери боюнча сот арачылары чечүүгө тийиш болгон суроолор ар бир айыпталуучуга карата өзүнчө берилет.

7. Суроолор сот арачыларына түшүнүктүү мазмунда коюлат.

---

Мурунку берене: [381-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-381)  
Кийинки берене: [383-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-383)
