# 381-берене. Сот арачылары тарабынан чечилүүгө тийиш болгон суроолордун коюлушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-381>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-381.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 381-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-381

---

1. Айыпталуучу акыркы сөзүн сүйлөгөндөн кийин сот арачыларына чечүү үчүн берилген суроолорду түзүү үчүн зарыл болгон убакытка сот арачылары соттук отурумдун залынан чыгып кетишет.

2. Төрагалык кылуучу соттук териштирүүнүн натыйжаларын, тараптардын жарыш сөздөрүн эске алуу менен сот арачылары чечүүгө тийиш болгон суроолорду жазуу жүзүндө түзөт, аларды жарыя кылат жана тараптарга берет.

3. Тараптар суроолордун мазмуну жана баяндалышы боюнча өз пикирлерин билдирүүгө жана сунуш киргизүүгө укуктуу.

4. Тараптардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен төрагалык кылуучу сот арачылары чечүүгө тийиш болгон суроолорду биротоло түзөт, аларды суроо баракчаларына киргизет жана ага кол коёт.

5. Суроо баракчасынын мазмуну сот арачыларынын катышуусу менен жарыя кылынат жана суроо баракчасы сот арачыларынын улугуна берилет.

6. Кеңешүүчү бөлмөгө чыгып кетүүнүн алдында сот арачылары төрагалык кылуучудан коюлган суроолорго байланыштуу өздөрүндө пайда болгон так эместиктер боюнча түшүндүрмөлөрдү алууга жана бул суроолорго мүмкүн болуучу жооптордун маңызына жана алардын укуктук жагына токтолбоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [380-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-380)  
Кийинки берене: [382-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-382)
