# 38-берене. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 38-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-38

---

1. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси сотко чейинки өндүрүштү уюштурат.

2. Тергөө бөлүмүнүн жетекчиси төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:

1) сотко чейинки өндүрүштү тергөөчүгө же тергөөчүлөрдүн тобуна тапшырууга, ошондой эле тергөөчүдөн кылмыш ишин алып коюуга жана мындай өткөрүп берүүнүн негиздерин милдеттүү түрдө көрсөтүү менен башка тергөөчүгө өткөрүп берүүгө;

2) эгерде ал ушул Кодекстин талаптарын бузууга жол берсе, тергөөчүнү андан ары тергөө өндүрүшүнөн четтетүүгө;

3) Кылмыштардын бирдиктүү реестрине маалыматтардын өз убагында жана туура киргизилишин, ошондой эле тергөөчүлөрдүн алардын өндүрүшүндө турган кылмыш иштери жана материалдары боюнча аракеттерин, тергөөчүлөрдүн тергөө, үй камагы жана камакта кармоо мөөнөттөрүн сактоолорун, ушул Кодексте белгиленген учурларда прокурордун жазуу жүзүндөгү тапшырмаларынын жана көрсөтмөлөрүнүн, башка тергөөчүлөрдүн тапшырмаларынын аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууга;

4) тергөө бөлүмүнүн жетекчиси тергөөчүнүн өндүрүшүндө турган кылмыш иши боюнча териштирүүгө катышууга, тергөөчүнүн ыйгарым укуктарын пайдалануу менен жеке өзү тергөө жүргүзүүгө укуктуу.

3. Тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин кылмыш иши боюнча көрсөтмөлөрү тергөөчүнүн өз алдынчалыгын, ушул Кодекстин 37-беренесинде белгиленген анын укуктарын чектей албайт. Тергөөчүгө көрсөтмөлөр жазуу жүзүндө берилет жана аткаруу үчүн милдеттүү, бирок ал макул болбогон учурда прокурорго даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-39)
