# 379-берене. Соттук жарыш сөздөр

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-379>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-379.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 379-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-379

---

1. Соттук териштирүү аяктагандан кийин сот арачыларынын катышуусунда сот соттук жарыш сөздөргө өтөт.

2. Сот арачыларынын катышуусу менен жүргөн соттогу соттук жарыш сөздөр 2 бөлүктөн турат.

3. Жарыш сөздөрдүн биринчи бөлүгү прокурордун, жабырлануучунун, адвокаттын жана айыпталуучунун сөздөрүнөн турат, алар айыпталуучунун мурдагы соттолгондугун эске албастан, анын күнөөсүнүн далилденгендиги же далилденбегендиги боюнча өз позицияларын баяндашат. Тараптар сот арачыларынын катышуусу менен каралбай турган жагдайларды эскерте алышпайт жана соттук отурумда изилденбеген далилдерге таяна алышпайт. Төрагалык кылуучу мындай сөздөрдү токтотот жана сот арачыларына вердикт чыгарууда алар ушул жагдайларды эске алууга тийиш эместигин түшүндүрөт.

4. Жарыш сөздөрдүн экинчи бөлүгү прокурордун, ошондой эле жабырлануучунун, анын өкүлүнүн, адвокаттын жана айыпталуучунун сөздөрүнөн турат, анда айыпталуучунун аракеттерин квалификациялоо, жаза дайындоо маселелери боюнча позициялар баяндалат. Жарыш сөздөрдүн экинчи бөлүгү вердикт жарыялангандан кийин сот арачыларынын катышуусуз жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [378-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-378)  
Кийинки берене: [380-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-380)
