# 378-берене. Сот арачыларынын катышуусу менен жүргөн соттогу соттук териштирүүнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-378>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-378.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 378-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-378

---

1. Сот арачыларынын катышуусу менен жүргөн соттогу соттук териштирүү ушул берененин талаптарын эске алуу менен ушул Кодекстин 324-339, 342-беренелеринде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

2. Төрагалык кылуучу айыпталуучуга, жабырлануучуга жана соттук териштирүүнүн башка катышуучуларына суроо берүүгө, ошондой эле изилденген далилдерге карата өз пикирин билдирүүгө укуксуз. Иш боюнча бардык далилдер соттук териштирүүнүн жүрүшүндө түздөн-түз жана оозеки изилденет. Тергөө өндүрүшүнүн стадиясында процесстин катышуучуларынын көрсөтмөлөрүн жарыя кылууга ал адам өлгөн, катуу ооруп калган же Кыргыз Республикасынан сырткары чыгып кеткен же болбосо сотто көрсөтмө берүү мүмкүнчүлүгү болбой калган башка жагдайларда гана жол берилет. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө эксперттин корутундусу талашка түшкөн учурда экспертти суракка алуу милдеттүү тартипте жүргүзүлөт.

3. Айыпталуучуну, жабырлануучуну жана соттук териштирүүнүн башка катышуучуларын суракка алууну айып коюучу жана коргоочу тараптар жүргүзөт.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сот арачыларынын катышуусу менен далилдениши сот арачыларынын ушул Кодекстин 377-беренесинде каралган алардын ыйгарым укуктарына ылайык аныктала турган кылмыш ишинин иш жүзүндөгү жагдайлары гана изилдениши керек.

4. Мамлекеттик айыптоочу айыптоо актысынын корутунду бөлүгүн жарыя кылууда айыпталуучунун соттолгон фактылары тууралуу эске салууга укуксуз.

5. Сот арачылары төрагалык кылуучу аркылуу айыпталуучуга, жабырлануучуга, күбөлөргө, эксперттерге жана адистерге бул адамдар тараптар тарабынан суралгандан кийин суроо бере алышат. Суроолор сот арачылары тарабынан жазуу жүзүндө түзүлөт жана улук аркылуу төрагалык кылуучуга берилет. Төрагалык кылуучу ишке тиешеси жок деп эсептеген, ошондой эле таңууланган же мазактоочу мүнөздөгү суроолорду четке кагууга укуктуу.

6. Сот арачыларынын катышуусу менен айыпталуучунун мурдагы соттолгондугуна байланышкан, аны өнөкөт аракеч же баңги деп таануу жөнүндөгү жагдайлар, ошондой эле айыпталуучуга карата сот арачыларынын бир жактуу мамилесин пайда кылышы мүмкүн болгон башка жагдайлар изилденбейт.

---

Мурунку берене: [377-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-377)  
Кийинки берене: [379-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-379)
