# 377-берене. Төрагалык кылуучунун жана сот арачыларынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-377>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-377.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 377-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-377

---

1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдү копшогондо, кылмыш ишин соттук териштирүүнүн жүрүшүндө бардык маселелер, ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык төрагалык кылуучу тарабынан жеке чечилет.

2. Кылмыш ишин соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сот арачылары ушул Кодекстин 346-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 4-пункттарында каралган жана суроо баракчасында түзүлгөн маселелерди чечет. Айыпталуучу күнөөлүү деп таанылган учурда, сот арачылары айыпталуучунун күнөөсү жеңилдетүүгө арзый тургандыгын көрсөтүүгө укуктуу.

3. Төрагалык кылуучу сот арачылары болбогондо тараптардын өтүнүчтөрү боюнча ишти териштирүүдөн ушул Кодекстин 80-беренесине ылайык далил катары жол берилгис болгон иш жүзүндөгү маалыматтарды чыгарып салуу жөнүндө маселени чечүүгө милдеттүү.

4. Тараптар сот арачылары катышкан сотто ишти териштирүүдөн чыгарып салынган далилдер бар экендиги жөнүндө эске салууга, өзүнүн позициясын негиздөө үчүн аларга шилтеме келтирүүгө укуксуз.

5. Төрагалык кылуучу сот арачыларын жол берилгис деп таанылган далилдер менен тааныштырууга укуксуз.

Эгерде төрагалык кылуучу сот арачыларына, алар ушундай тартипте алган маалыматтарды эсепке албоого милдеттүү экендигин түшүндүрсө, сот арачыларынын катышуусунда алар изилденгенге чейин же кийин жол берилгис деп таанылган далилдер менен сот арачыларын тааныштыруу кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамды олуттуу бузууну түзбөйт.

---

Мурунку берене: [376-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-376)  
Кийинки берене: [378-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-378)
