# 376-берене. Сот арачыларынын соттук териштирүүдө катышуусунун жалпы шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-376>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-376.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 376-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-376

---

1. Сот арачыларынын отургучтары соттук отурумдун залында отургандардан бөлүнүп, эреже катары, айыпталуучулардын отургучунун каршысына жайгаштырылууга тийиш. Запастагы сот арачылары төрагалык кылуучу алар үчүн атайын бөлгөн сот арачыларынын отургучтарынан орун алат.

2. Сот арачыларынын кимдир-бирөөсүнүн соттук отурумуна катышуу мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда запастагы сот арачылары вердикт чыгарылганга чейин сот арачыларынын негизги курамына киргизилиши мүмкүн. Чыгып калган сот арачыларын запастагылар менен алмаштыруу кылмыш иши боюнча сот арачыларынын коллегиясын түзүүдөгү тизмеде көрсөтүлгөн ырааттуулукта жүргүзүлөт. Эгерде чыгып калган сот арачыларын запастагылар менен алмаштыруу мүмкүнчүлүгү калбай калган учурда, төрагалык кылуучу болуп өткөн соттук териштирүүнү жараксыз деп жарыялайт жана соттук териштирүүнү ушул Кодекстин 367-беренесине ылайык сот арачылыгына талапкерлерди алдын ала тандоо этабына кайра кайтарат.

3. Эгерде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сот арачыларынын улугу чыгып калса, анда аны алмаштыруу ушул Кодекстин 374-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте кайталап шайлоо жолу менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [375-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-375)  
Кийинки берене: [377-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-377)
