# 374-берене. Сот арачыларынын улугу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-374>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-374.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 374-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-374

---

1. Сот арачыларынын коллегиясын түзүү аяктагандан кийин төрагалык кылуучу негизги курамдагы сот арачыларына улугун шайлоо үчүн кеңешүүчү бөлмөгө чыгууну сунуш кылат. Улуусу негизги курамдагы сот арачыларынын ичинен көпчүлүк добуш менен ачык добуш берүү аркылуу шайланат.

2. Сот арачылары соттук отурумдун залына кайтып келгенден кийин улук төрагалык кылуучуга жана тараптарга ал сот арачыларынын чечими менен шайлангандыгын билдирет.

3. Сот арачыларынын улугу сот арачыларынын кеңешмесинин жүрүшүнө жетекчилик кылат, алардын тапшырмасы боюнча төрагалык кылуучуга суроо жана өтүнүч менен кайрылат, сот берген суроолорду жарыя кылат, аларга жоопторду жазып алат, добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат, вердиктти жол-жоболоштурат жана төрагалык кылуучунун көрсөтмөсү боюнча аны соттук отурумда жарыя кылат.

4. Сот арачыларынын улугу шайлангандан кийин төрагалык кылуучу сот арачыларынын коллегиясын сот арачыларынын отургучунан аларга бөлүнгөн орунду ээлөөнү сунуш кылат.

---

Мурунку берене: [373-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-373)  
Кийинки берене: [375-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-375)
