# 372-берене. Сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамына кошумча алуунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-372>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-372.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 372-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-372

---

1. Ушул Кодекстин 373-беренесине ылайык четтетүүлөр канааттандырылгандан кийин сот арачылыгына талапкерлердин саны 18ден кемди түзсө, төрагалык кылуучу ушул Кодекстин 367-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамына сот арачылыгына талапкерлердин жетпеген санын кошумча кабыл алууну жүргүзүү жөнүндө жарыялайт.

2. Кошумча тандоонун натыйжасында тандалып алынган сот арачылыгына талапкерлер ушул Кодекстин 369 жана 370-беренелеринде каралган жол-жоболордон өтөт.

3. Кошумча тандоо үчүн чакырылган сот арачылыгына талапкерлердин саны төрагалык кылуучу тарабынан аныкталат.

4. Сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамына кошумча тандоо жарыяланган учурда ушул Кодекстин 367-беренесинде каралган жол-жоболор аяктаганга чейин соттук отурумга тыныгуу жарыяланат.

---

Мурунку берене: [371-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-371)  
Кийинки берене: [373-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-373)
