# 371-берене. Сот арачылыгына талапкерлерди жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-371>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-371.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 371-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-371

---

1. Сот арачылыгына талапкерлердин саны 18ди жана андан ашыкты түзсө, ушул Кодекстин 370-беренесине ылайык билдирилген четтетүүлөр канааттандырылгандан кийин төрагалык кылуучу тараптарга жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүүлөрдү билдирүүнү сунуш кылат.

2. Жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүү тараптардын жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүүгө тийиш болгон сот арачылыгына талапкерлердин тизмелерин берүүсү аркылуу жүргүзүлөт. Тизмеге тиешелүү түрдө прокурор жана (же) жабырлануучу, айыпталуучу жана (же) адвокаты кол коюуга тийиш.

Сот арачылыгына талапкерлерди жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүүнү прокурор биринчи жүзөгө ашырат, андан кийин ал берген тизме төрагалык кылуучуга жана коргоочулар тарабына көрсөтүлөт. Ар бир тарапка сот арачылыгына талапкерлердин бирдей санынан, бирок экиден кем эмес талапкерди четтетүү мүмкүнчүлүгү берилет. Жүйөлөнбөгөн четтетүүлөр жөнүндө маселе тиешелүү түрдө прокурор менен жабырлануучунун жана айыпталуучу менен адвокаттын ортосунда макулдашылат. Айыпталуучу өзүнүн адвокатына сот арачылыгына талапкерлерди четтетүү укугун жүзөгө ашырууну тапшырууга укуктуу.

3. Эгерде бир нече айыпталуучу болсо жана алардын ортосунда жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүүлөрдү бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу жок болсо, анда алардын саны ар бир айыпталуучуга бирден билетти урнага салуу менен чүчүкулак өткөрүү аркылуу айыпталуучулардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Бардык билеттер алынып бүткөндө жол-жоболор кайталанат. Айыпталуучу анын фамилиясы бар билетти төрагалык кылуучу канча жолу урнадан алып чыкса, ошончо сот арачылыгына талапкерди четтетүүгө укуктуу.

4. Прокурор, айыпталуучу жана анын адвокаты төрагалык кылуучу аркылуу сот арачылыгына талапкердин кимдир-бирөөсү өздөрүн тааныштыруусун өтүнүүгө укуктуу.

5. Айыпталуучулардын кимдир-бирөөсүнүн сот арачылыгына талапкерлерди жүйөлөштүрүлбөгөн четтетүү укугунан баш тартышы сот арачылыгына талапкерлердин санын четтетүү боюнча башка айыпталуучулардын укуктарын чектөөгө алып келбейт.

6. Эгерде четтетилбеген сот арачылыгына талапкерлердин саны төрагалык кылуучу тарабынан аныкталган сот арачылардын санынан ашса, анда төрагалык кылуучунун көрсөтмөсү боюнча соттук отурумдун протоколуна төрагалык кылуучу тарабынан аныкталган, талапкерлердин тизмесинде биринчи бараткан сот арачыларынын саны киргизилет.

7. Тараптар жүйөлөштүрүлбөй четтетилген сот арачылыгына талапкерлердин тизмеси кылмыш ишинин материалдарына тиркелет.

---

Мурунку берене: [370-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-370)  
Кийинки берене: [372-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-372)
