# 370-берене. Сот арачылыгына талапкерлерди четтетүү жөнүндө маселени чечүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-370>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-370.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 370-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-370

---

1. Сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамындагы ар бир сот арачысына талапкерге тараптар ушул Кодекстин 62-беренесинде каралган тартипте жана төмөнкүдөй учурларда четтетүү билдирүүгө тийиш:

1) эгер сот арачылыгына талапкер ушул кылмыш иши боюнча жабырлануучу болуп саналса, күбө катары чакырылса же болбосо чакырылышы мүмкүн болсо;

2) эгер сот арачылыгына талапкер ушул кылмыш иши боюнча өндүрүшкө эксперт, адис, котормочу, соттук отурумдун катчысы, алдын ала тергөөчү, тергөөчү, прокурор, адвокат, айыпталуучунун мыйзамдуу өкүлү, жабырлануучунун өкүлү катары катышкан болсо;

3) эгер сот арачылыгына талапкер жабырлануучунун, анын өкүлүнүн, айыпталуучунун же анын мыйзамдуу өкүлүнүн, прокурордун, адвокаттын, тергөөчүнүн тууганы болуп саналса;

4) эгер сот арачылыгына талапкер ушул иштин натыйжасына жеке, тикелей же кыйыр кызыкдар, ошондой эле башка себептер боюнча калыс боло албайт деп эсептөөгө негиз берген башка жагдайлар болсо.

2. Тараптар төрагалык кылуучуга четтетүү жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн өтүнүчтү жарыя кылбастан берет. Тараптардын өтүнүчтөрүн канааттандыруу сот арачылыгына талапкерлерди алдын ала курамдан чыгарып салууга алып келет. Мында төрагалык кылуучу өз чечимин тараптарга жеткирет.

---

Мурунку берене: [369-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-369)  
Кийинки берене: [371-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-371)
