# 37-берене. Тергөөчүнүн ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 259 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034877)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 259 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034877); 19.11.2024 [Закон КР от 19 ноября 2024 года № 183 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230017803); 05.08.2024 [Закон КР от 5 августа 2024 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011471)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308#diff=41934..41960>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112308/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 37-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-37

---

1. Тергөөчү төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:

1) ушул Кодекстин талаптарына ылайык тергөө аракеттерин жүргүзүүгө;

11) сотко чейинки өндүрүштү баштоого жана (же) жүргүзүүгө;

12) кылмыш ишин козгоого;

2) жабырлануучуга материалдык зыяндын жана моралдык залалдын ордун толтурууга карата чараларды көрүүгө;

3) окуя жана ага тиешеси бар адамдар жөнүндө маалыматтарды камтыган документтерди, материалдарды талап кылууга;

4) текшерүү, инвентаризация жана (же) экспертизаларды жүргүзүү жөнүндө токтомдорду чыгарууга ;

5) сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу алгачкы текшерүү органынан ыкчам-издөө аракеттерин жүргүзүү жана кылмышты ачуу, жоголгон адамдарды жана буюмдарды табуу боюнча көрүлүүчү чаралар жөнүндө маалыматтарды алууга;

6) кылмыш иши боюнча алгачкы текшерүү органына ал үчүн милдеттүү болгон ыкчам-издөө аракеттерин жана (же) атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө тапшырмаларды берүүгө;

61) алгачкы текшерүү органына тергөө судьясынын токтомунун негизинде алып коюуну жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө тапшырма берүүгө;

7) алгачкы текшерүү органына кармоо, алып келүү жөнүндө чечимдерди аткарууну тапшырууга, ошондой эле өзүнүн талабы боюнча алгачкы текшерүү органынан тергөө, атайын тергөө жана башка процессуалдык аракеттерди жүргүзүүдө көмөк алууга;

8) алгачкы текшерүү органына күбөлөргө, жабырлануучуларга жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына карата коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды жүзөгө ашырууну тапшырууга;

9) тиешелүү мамлекеттик жана башка органдардан адистердин жана эксперттердин жардам көрсөтүүлөрүн талап кылууга;

10) зарыл болгон учурда кылмыш иши боюнча өндүрүшкө катышуу үчүн котормочуну тартууга;

11) адамдын кылмыш жасаганына негиздүү шектенүү болгондо, аны кармоого;

12) кылмыш иши боюнча өндүрүшкө адвокаттын катышуусун камсыз кылууга, ал эми мамлекет тарабынан кепилдик берилген юридикалык жардам алууга укугу бар адамдарга адвокаттын дайындалышын талап кылууга;

13) адамды айыпталуучу катарында жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарууга жана айыбын угузууга;

14) жабырлануучу деп танууга жана анын өкүлүн сотко чейинки өндүрүшкө катыштырууга;

15) котормочуга, адиске, ассистентке, экспертке карата четтетүүнү чечүүгө;

16) кылмыш иши боюнча өндүрүшкө байланыштуу өтүнүчтөрдү чечүүгө;

17) компетенциясынын чектеринде даттанууларды чечүүгө;

18) бөгөт коюу чараларын колдонуу, өзгөртүү жана узартуу жөнүндө жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуунун башка чараларын колдонуу жөнүндө өтүнүчтөрдү берүүгө;

19) кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү кабыл алуу, токтотуу, кайра баштоо, кыскартуу жөнүндө токтом чыгарууга;

20) прокурордун жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн жана тапшырмаларын аткарууга;

21) айыпталуучуну жана жабырлануучуну медиатор менен маалыматтык жолугушууга жиберүүгө;

22) баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө келишим түзүүгө жана токтом чыгарууга;

23) ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

2. Тергөөчү прокурордун кылмыш иши боюнча чечими менен макул болбогон учурда өзүнүн каршы пикирин жазуу жүзүндө баяндоо менен жогору турган прокурорго кайрылууга укуктуу. Бул учурда жогору турган прокурор өзүнүн токтому менен төмөн турган прокурордун чечимин жокко чыгарууга же тергөө өндүрүшүн башка тергөөчүгө тапшырууга укуктуу.

3. Тергөөчүнүн кылмыш иши боюнча токтомун уюмдардын жетекчилери аткарууга милдеттүү. Тергөөчүнүн токтомун аткарбай коюу мыйзамга ылайык жоопкерчиликке алып келет.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 5-августундагы № 160 , 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 183, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-38)
