# 369-берене. Сот арачылыгына талапкерлерди сот арачысынын милдеттеринен бошотуу жөнүндө маселени чечүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-369>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-369.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 369-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-369

---

1. Төрагалык кылуучу сот арачылыгына талапкерлердин кимдир-бирөөсүн ишти кароого катышуудан бошотуу үчүн мыйзамда каралган себептердин болушун тактайт жана маңызы боюнча чечим кабыл алат. Сот арачылыгына келген ар бир талапкер “Кыргыз Республикасынын сотторундагы сот арачылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негиздерди, ошондой эле сот арачылыгына талапкерлерди кылмыш ишин кароого катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан башка жүйөлүү себептерди көрсөтүүгө укуктуу. Сот арачылыгына талапкерлерди кылмыш ишин кароого катышуудан бошотуу жөнүндө чечим өзүнчө бөлмөгө чыгып кетпестен, судья тарабынан кабыл алынат.

2. Сот арачылыгына бошотулган талапкерлер алдын ала курамдан чыгарылат жана соттук отурумдун залынан чыгарылат.

---

Мурунку берене: [368-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-368)  
Кийинки берене: [370-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-370)
