# 367-берене. Сот арачылыгына талапкерлердин алдын ала курамын түзүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-367>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-367.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 367-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-367

---

1. Сот арачыларынын катышуусу менен кылмыш ишин угууга дайындоо жөнүндө токтом чыгарылган күнү соттун администратору төрагалык кылуучунун тескемеси боюнча капилет тандоо жолу менен мамлекеттик айыптоочунун жана айыпталуучунун адвокатынын катышуусунда 50дөн кем эмес сандагы сот арачылыгына талапкерлердин алдын ала курамын түзөт.

2. Кылмыш ишин кароого катышуу үчүн сот арачылыгына талапкерлерди капилет тандоо бүткөн соң, фамилияларын, аттарын, аталарынын аттарын көрсөтүү менен сот арачылыгына талапкерлердин алдын ала курамынын тизмеси түзүлөт, ага соттун администратору жана тараптар кол коёт. Сот арачылыгына талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты капилет тандоо жүргүзүлгөн тартипте тизмеге киргизилет.

Сот арачыларынын коллегиясынын алдын ала курамы маалыматтык автоматташтырылган тутумдун жардамы менен сот арачылыгына талапкерлердин ар жылдагы акыркы тизмесинен түзүлөт.

3. Сот арачыларынын коллегиясын түзүүнү баштоо үчүн соттук отурумга келген сот арачылыгына 35 талапкер жетиштүү.

4. Сот арачылыгына талапкерлердин алдын ала курамына киргизилген сот арачылыгына талапкерлерге соттук отурум башталганга чейин 7 суткадан кечиктирилбестен сот арачыларынын коллегиясын түзүү үчүн эскертмелер, ошондой эле соттук отурумга келүү датасы жана убактысы көрсөтүлгөн билдирме тапшырылат.

---

Мурунку берене: [366-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-366)  
Кийинки берене: [368-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-368)
