# 366-берене. Алдын ала угуулардын натыйжалары боюнча чыгарылган чечимдердин түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-366>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-366.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 366-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-366

---

1. Алдын ала угуулардын натыйжалары боюнча судья токтом түрүндө чыгарылуучу төмөнкүдөй чечимдердин бирин кабыл алат:

1) кылмыш ишин сот арачыларынын катышуусу менен соттун угуусуна дайындоо жөнүндө;

2) кылмыш ишин ушул Кодекстин 42-главасында каралган эрежелер боюнча андан ары кароо үчүн биринчи инстанциядагы тийиштүү сотко жөнөтүү жөнүндө.

2. Кылмыш ишин сот арачыларынын катышуусунда сотто угууга дайындоо жөнүндө токтомдо судья:

1) 50дөн кем эмес болууга тийиш болгон сот арачыларынын коллегиясын түзүү үчүн сотко чакырылууга тийиш болгон сот арачылыгына талапкерлердин санын аныктайт;

2) сот арачыларынын коллегиясын түзүү үчүн соттук отурумду өткөрүү датасын аныктайт.

3. Кылмыш ишин сот арачыларынын катышуусу менен соттун угуусуна дайындоо менен бир эле убакта судья тараптардын ой-пикирин эске алып, алдын ала угуунун натыйжалары боюнча ишти териштирүүдөн ушул Кодекстин 80-беренесине ылайык далил катары жол берилбеген иш жүзүндөгү маалыматтарды алып салуу жөнүндө маселени карайт.

4. Сот арачыларынын катышуусу менен кылмыш ишин сотто угууга дайындоо жөнүндө судьянын токтому акыркы болуп саналат. Токтом сот арачыларынын катышуусу менен сот тарабынан ишти кароодон айыпталуучунун баш тартуу жүйөөсү боюнча кайра каралбайт.

---

Мурунку берене: [365-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-365)  
Кийинки берене: [367-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-367)
