# 361-берене. Сот тарабынан өкүмдү чыгаруу менен бир мезгилде чечилүүчү маселелер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-361>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-361.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 361-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-361

---

1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондун балдары, кары ата-энеси, кароосуз калган башка багуудагы адамдары болсо, сот аталган адамдарды тууган-туушкандарына же башка адамдарга же уюмдарга камкордук көрүү же көзөмөлгө берүү жөнүндө маселени чечет жана токтом чыгарат, ал эми соттолгондун кароосуз калган мүлкү жана турак жайы болсо - аларды кайтаруу чараларын көрөт.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган процессуалдык чечимдер кызыкдар жактардын өтүнүчү боюнча жана өкүм жарыялангандан кийин кабыл алынышы мүмкүн.

3. Өкүм жарыялангандан кийин сот өзүнүн соттук актысында туура эмес басылып алынган жана айкын техникалык жана грамматикалык каталарды оңдоо жөнүндө маселени кароого укуктуу.

---

Мурунку берене: [360-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-360)  
Кийинки берене: [362-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-362)
