# 36-берене. Тергөөчү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 36-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-36

---

1. Тергөөчү ушул Кодексте каралган компетенциянын чектеринде кылмыш иши боюнча тергөөнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамы болуп саналат.

2. Тергөөчү тергөөгө чейинки текшерүүнү баштайт жана жүргүзөт, ушул Кодексте каралган тергөө аракеттерин аткарат.

3. Тергөөчү тергөөгө чейинки текшерүү, тергөөнүн багыттары жана тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө бардык чечимдерди өз алдынча кабыл алат жана аларды мыйзамдуу жана өз убагында жүргүзүү үчүн жоопкерчилик тартат, буга мыйзамда каралган ушул Кодексте белгиленген прокурордун макулдугун же тергөө судьясынын чечимин алуу учурлары кирбейт.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-37)
