# 359-берене. Айыпталуучуну камактан бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-359>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-359.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 359-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-359

---

Айыпталуучу акталганда, ошондой эле жазаны белгилебестен же жазаны өтөөдөн бошотуу, же пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу, же эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу, же эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазага соттоо, же өндүрүш тарабынан кылмыш ишин токтотуу менен айыптоо өкүмү чыкканда, камакка алынган айыпталуучу соттун өкүмү же токтому мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин сот тарабынан кагаз жүзүндө же электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу электрондук түрдө кол коюлган сот өкүмүнүн резолюциялык бөлүгүнүн негизинде сот залында же болбосо жаза-аткаруу тутумунун мекемесинен, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак изоляторунан, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарынан (гарнизондук гауптвахталардан) токтоосуз бошотулууга тийиш. Айыпталуучуга карата камакка алууга байланышпаган бөгөт коюу чарасы тандалат (КР 2025-жылдын 19-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [358-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-358)  
Кийинки берене: [360-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-360)
