# 358-берене. Өкүмдү жарыялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-358>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-358.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 358-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-358

---

1. Сот өкүмгө кол коюлгандан кийин соттук отурумдун залына кайтып келет жана төрагалык кылуучу судья өкүмдү жарыялайт. Соттук отурумдун залында катышып отургандардын бардыгы соттун курамын кошо алганда, өкүмдү ордунан туруп угушат.

2. Эгерде өкүм айыпталуучу билбеген тилде баяндалса, өкүмдү жарыялоого удаалаш же синхрондуу түрдө котормочу тарабынан айыпталуучунун эне тилине же ал билген тилге угузуп которулушу керек.

3. Төрагалык кылуучу судья айыпталуучуга жана процесстин башка катышуучуларына өкүмдүн мазмунун, ага даттануу тартибин жана мөөнөттөрүн түшүндүрөт.

4. Эгерде айыпталуучу өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолсо, ага ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч берүү укугу түшүндүрүлөт.

5. Өзгөчө учурларда өзгөчө татаал иштер боюнча өкүмдүн кириш жана корутунду бөлүгү жарыя кылынышы мүмкүн. Мындай учурда өкүмдүн толук тексти жарыя кылынган учурдан баштап 3 күндөн кечиктирбестен даярдалууга тийиш.

6. Соттук отурумдун залында өкүмдү жарыялоо учурунда соттук териштирүүнүн кээ бир катышуучуларынын жоктугу өкүмдү жарыялоого тоскоолдук болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [357-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-357)  
Кийинки берене: [359-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-359)
