# 355-берене. Актоо өкүмүнүн сыпаттама-жүйөлөмө бөлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-355.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 355-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-355

---

1. Актоо өкүмүнүн сыпаттама-жүйөлөмө бөлүгүндө төмөнкүлөр баяндалат:

1) коюлган айыптын маңызы;

2) иштин сот аныктаган жагдайлары;

3) айыпталуучуну актоо үчүн негиз болгон далилдер;

4) айыптоонун далилдерин сот анык эмес же жетишсиз деп тааныган жүйөлөр.

2. Актоо өкүмүнө акталгандын күнөөсүз экендигине күмөн жараткан туюнтмаларды киргизүүгө жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [354-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-354)  
Кийинки берене: [356-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-356)
