# 353-берене. Айыптоо өкүмүнүн сыпаттама-жүйөлөмө бөлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык](https://aqlex.ai/kg/doc/112308)
- Документтеги орду: 44-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык" кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 129
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-353>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-37/edition/1283042/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112308/st-353.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык, 353-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-353

---

1. Айыптоо өкүмүнүн сыпаттама-жүйөлөмө бөлүгүндө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) сот тарабынан далилденген деп таанылган аракетти (аракетсиздикти) сыпаттоо аны жасоонун ордун, убактысын, ыкмасын, күнөөнүн формаларын, кылмыштын жүйөлөрүн, максаттарын жана кесепеттерин көрсөтүү менен;

2) айыпталуучуга карата соттун тыянактарына негиз болгон далилдер жана соттун башка далилдерди четке кагуусуна түрткү берген жүйөлөр;

3) жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар, ал эми айыптоонун бөлүгү негиздүү эмес деп таанылган учурда же кылмыштын квалификациясы туура эмес белгиленген учурда – айыптоонун өзгөрүшүнүн негиздери жана жүйөлөрү;

4) конфискацияланууга тийиш болгон мүлк кылмышты жасоонун натыйжасында алынганы же ошол мүлктөн алынган киреше болуп саналары же болбосо кылмыштын куралы катарында пайдаланылганы же пайдаланууга арналганы жөнүндө соттун тыянактарына негиз болгон далилдер.

2. Сот жазаны дайындоого, андан же аны реалдуу өтөөдөн бошотууга, таасир кылуунун башка чараларын колдонууга тиешелүү бардык маселелерди чечүүнүн жүйөлөрүн да келтирүүгө милдеттүү.

3. Сыпаттама-жүйөлөмө бөлүгүндө ушул Кодекстин 346-беренесинде көрсөтүлгөн маселелер боюнча кабыл алынган чечимдердин негиздемеси камтылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [352-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-352)  
Кийинки берене: [354-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112308/st-354)
